• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Ишенбай Кадырбеков: Президенттин отставкага кеткени чыккынчылык

15 Тогуздун айы 2020 17:27 Бишкек Govori.TV

Президенттин отставкага кеткени чыккынчылык. Мындай пикирин Govori.TVга Жогорку Кеңештин экс-спикери Ишенбай Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мөөнөтү бүткөнчө иштеши керек болчу.

«Президенттин отставкага кетип калганын мамлекетке, элге карата чыккынчылык деп эсептейм. Себеби ал мындан туура 3 жыл мурун Баш мыйзамга колун коюп, элдин алдында ант берген. Бүгүн өз антынан айнып, саясий абал өтө курч болуп турган мезгилде айрым күчтөргө өзүнүн каршы пикирин айта албай, коркуп арыз жазганы өтө ыпылас иш болду. Кыргызстан азыр кыйын абалга кептелди. ЕАЭБ, коңшу мамлекеттер легитимдүу президент катары бир гана Сооронбай Жээнбековду тааныйбыз деп жатышат. Атүгүл Орусия дагы саясий абал турукташмайынча жардам берүүнү токтотконун жарыялады. Ушунун баарын беш колдой билип туруп, арыз бергени туура эмес»,-деди Кадырбеков.

Мындан сырткары, ал мыйзам боюнча мамлекет башчы отставкага кеткен күндөн кийин 3 айдын ичинде президенттик шайлоо өтүшү керектигин кошумчалады.

Количество просмотров: 924