• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ишкер Илгиз Шаменов унаасынан жардыруучу зат табылганын айтты

11 Баш оона 2022 17:04 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмү бүгүн, 11-августта саат 13:56 чамаларында “Азия Молл” соода борборунан бомба бар экени жөнүндө анонимдүү маалымат түшкөнүн билдирди. Учурда соода борборго ыкчам-тергөө тобу келген. Жарандар сыртка чыгарылууда.

Буга чейин ишкер Илгиз Шаменов машинесинен жардыруучу затка окшош буюм табылганын билдирген.

Белгилей кетсек, Илгиз Шаменов Жетим-Тоону иштетүүгө каршы чыгып, Айыл чарба министрлигинин жана “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын (“Бишкек” СЭЗ) ишин сындап келген. Ал буга чейин УКМКда суракта болгонун, куугунтукка кабылып жатканын айтып чыккан.

Количество просмотров: 1059