• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ишкер Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү (тизме)

21 Жетинин айы 2019 18:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында Кытай Эл Республикасынын жараны Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө маселе күн тартибине киргизилип, колдоого алынды.

Ага ылайык, түзүлгөн комиссиянын курамына ар бир фракциядан депуттар кирди:

-КСДП парламенттик фракциясынан – Ө.Бакиров, С.Жураев, А.Карашев, И.Матраимов;

-«Республика-Ата Журт» парламенттик фракциясынан – М.Жээнчороев, З.Шарапов, Т.Мамытов;

-«Кыргызстан» парламенттик фракциясынан – Д.Төлөнов, А.Эргешов;

-«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынан – Т.Шайназаров;

-«Бир Бол» парламенттик фракциясынын жыйынынан – А.Сулайманов;

-«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жыйынынан – А.Шыкмаматов.

Эске салсак, бүгүн, 21-ноябрда “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Түркияда атып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча кандайдыр бир саясий оюндар башталганын, азыр анын өлүмүн башка жакка буруу, коомчулуктун арасында башкача пикир жаратуу аракеттери жүрүп жаткандыгын айтып чыккан. Ошону менен катар А.Сулайманов депутаттык комиссия түзүп, анын өлүмүнүн чыныгы себептерин жана ага кимдердин тиешеси бар экенине иликтөө жүрүгүзүлүп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарылышы керектигин сунуштаган. Мындай демилгени депутаттар Жанар Акаев менен Төрөбай Зулпукаров да колдогон.

Количество просмотров: 968