• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ишкерден опузалап акча талап кылган шектүү кармалды

17 Жетинин айы 2020 14:46 Бишкек Govori.TV


Жалал-Абад облусунда ишкерден опузалап акча талап кылган шектүү кармалды.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришкендей, Жалал-Абад милициясына 27 жаштагы ишкер өзүнүн укуктарын кол салгандардан коргоп, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранып кайрылган.
Криминалдык чөйрөгө тиешеси бар 33 жаштагы жаран менен башка белгисиз адамдар опузалап акча талап кылгандыгы аныкталган.

Сотко чейинки иликтөөлөрдүн алкагында Жалал-Абад облусунун Кербен шаарынын аймагынан Аксы районунун 27 жаштагы М.А. аттуу тургуну 11 миң сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган.

Алынган маалымат боюнча жогорудагы кылмыш ишин уюштурууга жана ага катышкан делген 34 жаштагы Б.К. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган. Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Количество просмотров: 126