• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» компаниясынын уставдык капиталы 2022-жылы 117 млн сомго чейин жеткирилет

10 Жалган куран 2022 13:37 Бишкек Govori.TV

«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 2022-жылдын ичинде 117 млн сомго чейин жеткирилет. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ушул токтомдун долбоорунун милдети болуп, чакан жана орто бизнестин ишкерлерин жеткиликтүү кредиттик каражаттар менен камсыз кылуучу финансы институту катары «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен республикадагы чакан жана орто ишкердикке мамлекеттик колдоо көрсөтүүдө, мамлекеттин ролун күчөтүү саналат.

Буга катар «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун акционери (катышуучу) катары мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укугун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөрүп берүү чечими кабыл алынды.

Белгилесек, «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ачык акционердик коомунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү, иш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу үчүн калкка микрокаржылоо боюнча жеткиликтүү кызматтарды көрсөтүү;
  • ишкердикти өнүктүрүүгө жана республиканын калкын социалдык мобилизациялоого көмөктөшүү;
  • микрокредиттик компаниянын андан ары иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.
Количество просмотров: 65