37 жаштагы ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө шектүүлөр аны аңдып жүрүшкөн. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев АКИpress агенттигине берген маегинде билдирди.
Министр кылмышты уюштурууга шектүү милициянын мурунку милиционери, ал эми ишкерди өлтүрүүгө шектүү Чүй ОИИБдин мурунку кызматкери экенин тастыктады.
«Мурунку кызматкер Курманалиев кылмышты уюштурган деп шектелип жатат. Ал 2016-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан пара менен кармалган. Андан кийин жумуштан алынып, соту болгон. Ал эми жол кайгуул кызматынын кызматкери 2010-жылдан 2014-жылга чейин иштеген. Бул иш боюнча 4 аткаруучу жана 3 катышуучу кармалды. Бул жерде ачык эле тоноо болгон. Тоноо максатында алар анын артынан аңдышкан. “Мадина“ тараптан маалымат берип турган булак болгон. Криминалдык милиция кызматы учурда иштеп жатат. Ал чет өлкөнүн жараны болгондуктан, бул иш өзгөчө көзөмөлгө алынды», — деди министр.
Ал бардык кызматтар иштеп, «Коопсуз шаардын» видеоматериалдары толугу менен каралып чыкканын айтты.
«Криминалдык милиция кызматы жакшы иштеди. Алар Таласка кетип бара жатышканда “Сосновка“ постунан кармалышты. Эгерде алар ал жакка кетип калышса, изди жоготуп алмакпыз. Мен кармоого буйрук бердим. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын бири баарын айтып берди», — деди министр.
Ошондой эле К.Жунушалиев алдын ала маалыматтарга караганда, маркумдун жанында 70 миң сом болгонун билдирди. «Алар бул акчаны алып, дагы талап кылышкан. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кененирээк айта албайм», — деп белгиледи ал.
Эске салсак, 34 жаштагы жеке ишкердин сөөгү Кочкор районуна жакын жерде казылып алынган. Хуфур Абдурехман 4-октябрда өзүнүн автоунаасы менен Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.