• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Искендер Матраимов, депутат: “30-40 киши эле саясат кыла берген туура эмес…”

14 Бирдин айы 2018 12:41 Бишкек Govori.TV
 Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештеги КСДП партиясынын депутаты Искендер Матраимов салыктын көбөйүшү боюнча оюн билдирди. Ал бүгүн кирешелерди көбөйтүү аракеттерин колдоорун, бирок, ал үчүн буга чейинки жетечиликке күнөөнү оодаруу туура эместигин, 30-40 киши эле саясат жасай бербеши керектигин айтты. “Ошто 1, 5 сомго салык көбөйдү дешти, билбейм, аны кайдан табышты, өздөрүнөн сураш керек”-,деди ал.

Эскерте кетсек, Сапар Исаковдун кабыл алуусунда болгон бажы кызматынын ашчысы Кубанычбек Кулматов быйылкы жылдын бир айында былтыркы жылга салыштырмалуу 900 млн. сом көп киреше түшкөнүн билдирген.

Ал эми бажы кызматынын төрага орун басары кызматынан алынган Райым Матраимовдун агасы депутат Искендер Матраимов, кечээ эле бир командада иштеген, чогуу бюджетти көтөргөн адамдын артынан ар кандай кепти таштаганы жакшы эмес деп Govori.TVга айтып берген.

“Бүгүн бажы кызматын башкарган Кубанычбек Кулматов түбөлүк калбайт, ал өзүнүн кызматтан кетээрин да ойлошу керек. Кечээ эле бир командада иштеген, чогуу бюджетти көтөргөн адамдын артынан ар кандай кепти таштаганы жакшы эмес»,- деди  Искендер Матраимов.

“Албетте, мен Бажы тармагынын кирешесинин арбышын керек болсо 150 пайыз колдойм. Бул деген пенсия, жөлөк бул, социалдык курулуштар үчүн чоң колдоо. Бирок, Кубанычбек Кулматов өзү бул кызматка келгенден берки кирешенин арбышын табышмактатып, менин иниме карата жебени бурбай ачыгын айтышы керек болчу. Эмне үчүн мындай кирешеде өсүш болду? Анткени, былтыр Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аранын жабык болушунан улам туруп калган 1000ге чукул оор жүк ташуучу унаалар январ ичинде Кыргызстанга кирди. Ошондой эле Өзбекстандын чекарасы ачылганы, өзбек-кытай соодасы жанданып, Ош аркылуу, Карасуу базары аркылуу товар ташуу күчөдү. Ушул фактор гана Кулматовдун чоң сүйлөшүнө шарт түзүп жатат. Эгер, ал калган айларда да ушундай темп менен кирешени өстүрүп жиберген болсо, албетте, мен колдойм. Бирок, кызматташ жүргөн адамга буга чейинки күнөөлөрдү акырын жылдырып, өзүн көкөлөткөнү туура эмес,-дейт эл өкүлү.

 

Количество просмотров: 9