Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимов Кыргызстанда, ал өлкөдөн чыгып кетти деген маалымат жалган. Бул тууралуу анын агасы, ЖК депутаты Искендер Матраимов билдирди.
Эске салсак, 21-ноябрь күнү кечинде «Азаттык», OCCRP жана Kloop биргеликте айтылуу Матраимовдор, жакында эле киши колдуу болгон Айэркен Саймаити жана Кыргызстандын бажы системасы тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялады.
Анда Саймаити кыргызстандык аткаминерлер катышкан коррупциялык схемалар тууралуу маалымат бергени айтылат. Бирок ал акыркы жана өтө маанилүү документти берүүгө жетишпей калганы дагы кошумчаланат.
Эртеси күнү Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Райым Матраимов төрт күн мурда үй-бүлөсүн алып, Кыргызстандан чыгып кетти деген маалымат жарыялаган.
«Иним Райым эч жакка кеткен жок. Ал Кыргызстанда эле жүрөт. Кесиптешим Карамушкинанын айткандары жалган», — деди эл өкүлү.
Буга чейин Искендер Матраимов журналисттердин иликтөөсү боюнча пикирин билдирип, материалда инисинин дарегине айтылган айыптоолорду каралоо деп сыпаттаган.
Булак: Спутник.