• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Ислам Каримовдун кызын жактаган артисттер эфирден четтетилди

18 Теке 201917:56 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.

Өзбекстандагы Zo’rTV жеке каналы ырчы Жахонгир Позилжонов менен актриса Халима Ибрагимованы эфирден четтеткен. Алар катышкан бардык рекламалык роликтерди да көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматк ылайык, Өзбекстандын экс-президентинин кызы, абакта жаза мөөнөтүп өтөп жаткан Гүлнара Каримованы социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу жактаган ырчылардын Ташкенттин көчөлөрүнө илинген чипсыны жарнамалаган баннерлери да алынып, башкага алмаштырылган.

Эске салсак, 24-25-июнда өзбек шоу-бизнесинин кээ бир ырчылары социалдык тармактарда Гүлнара Каримованы колдогон челленж уюштуруп, аны эртерээк бошотууну суранышкан.

Количество просмотров: 12