• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Исмаил Исаков шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтты

29 Жетинин айы 2021 18:31 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү акцияга чыкты.

Исмаил Исаковдун айтымында, добуш берүү бүтөөрү менен шайлоо тилкелеринде шайлоо комиссиясы бюллетендерди кол менен санап, протоколдорду партиялардын өкүлдөрүнө берген эмес.

«Бул жолку парламенттик шайлоонун мурункуга салыштырмалуу айырмасы бар. Бирок жыйынтык чыгаруу өтө ыпылас өттү. 29-ноябрга караган түнү Бишкекте 4 партия маалымат жыйын өткөргөнбүз. Биз парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз жана жокко чыгарышын талап кылабыз. Анкени автоматташтырылган системага тыш жактан кийлигишүү болду. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жарыялоо таблицасында ката бар десе, Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов БШКнын сайтына 20 өлкөдөн хакердик чабуул болгонун айтты. Ал эми БШК аны четке кагып, ар кайсы версияларды айтып жатышат. Бирок болгон маалыматтарды башка нукка буруу менен бир топ партиялардын добуштарын төмөндөтүп, кээ бирин жогорулатып коюшту»,-деди Исаков.

Эскерте кетсек, буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алганы маалымдалган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен. Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуш берүүнүн жыйынтыгы мекеменин сайтында онлайн көрсөтүлүп жаткан учурдагы үзгүлтүккө учуроо тууралуу комментарий берип, негизги системада үзгүлтүк болбогонун, эч кандай зыян келбегенин айткан. Мындан улам айрым партиялар нааразы болуп, добуштар уурдалганын айтып чыгышкан.

Количество просмотров: 359