• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Исаков: Жарандын укуктары менен эркиндигинин кынтыксыз аткарылышына президент кепилдик бериши керек

15 Бирдин айы 2022 11:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-февралда адам укуктарынын жана сөз экиндигинин азыркы убактагы абалын талкуу кылуу үчүн тегерек стол өтүп жатат. Ага ЖК депутаттары, экс-депутаттар, укук коргоочулар, саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатат.

Жыйында сөз сүйлөгөн “Азаттык” партиясынын лидери Исмаил Исаков Жогорку Кеңеш, Башкы прокуратура, Министрлер кабинети, сот бийлиги өлкөдө адам укуктарынын корголушун толук камсыздай албай жатканын айтты.

“Эң чоң кемчилик – жарандык коомдун ролу төмөндөдү. Төртүнчү бийлик болгон – жалпыга маалымдоо каражаттары кысымга кабылууда. Төртүнчү бийлик кемчиликтерди жазып, жол көрсөтпөсө маселени ким билет? Жарандардын укуктары менен эркиндигинин кынтыксыз аткарылышына президент кепилдик бериши керек. Бийлик бутактары өз милдеттерин Конституцияда кандай жазылса, так ошондой аткарышы зарыл. Ошондо гана жылыш болушу мүмкүн”, — деди Исаков.

Количество просмотров: 63