• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Исаков: Протокол боюнча Адахан Мадумаровго кылмыш ишин козгоо абсурд!

21 Үчтүн айы 2022 18:24 Бишкек Govori.TV

Протокол боюнча Адахан Мадумаровго кылмыш ишин козгоо абсурд! Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Азаттык” партиясынын лидери Исмаил Исаков жазды.

 Текст өзгөрүүсүз берилди:

«Ар нерсенин өзүнүн сааты келет» дегендей Адахан Мадумаровдун тегерегиндеги, акыркы учурда күч алып, “275 метр жол тилкесин берип койду”, “чыккынчылык кылды”, “ал күнөөлүү“ деп ар кандай түс менен сыпатталган сөздөр саясатчылар, катардагы жарандар жана бийлик төбөлдөрү тарабынан айтылып, ага кошумча тергөө тарабынан суракка чакырылып жаткандыгына байланыштуу, ошол маселе боюнча кол коюлган келишимдер жана протоколдор жөнүндө жалпы коомго түшүндүрмө берүүнүн учуру келгенине ынандым. Көпчүлүктүн башын маң кылып элди эки жээкке бөлгөн “275 метр жол тилкесин берип коюунун” түбү, тээ илгерки өлкөнүн тунгуч президенти А. Акаевдин мезгилине барып такалат. 2000- жылдардын башында Тажикстанда энергетикалык кризис күчөп, эли кыйналып жаткан учурда, тажик президенти Э. Рахмон, Айгүль-Таш-Канибадам электр линиясын тартууга бел байлап, Акаевден жер бөлүп берүүнү сурайт. Анын ордуна, биздикилер Баткендин элине жолдон тоскоолсуз өтүүнү камсыз кылып берүүнү сунуштап, деталдарын иштеп чыгууну эки президент өз өкмөттөрүнө тапшырышат.

2004-жылы 21-майда Ходжент шаарында эки өлкөнүн премьер-министрлери Н.Танаев менен А. Акилов жолугушуп, ЛЭП (Айгүль-Таштан Канибадам тарапка) жана жол салуу үчүн (Ош-Исфана жолундагы Сурх айылынын түндүгүнөн эстакадалык жол өткөөлдөрү үчүн) эки тараптан тең жер бөлүп берүүнү макулдашышат. Анын алкагында 16-июлда №207 токтомунун негизинде ошол учурдагы Баткендин губернаторы А. Шадиев жергиликтүү бийликтердин уруксаты жок, Баткен шаарынын эсебинен суулуу жерден – 10 га, жайыт жерден – 30 га, жеке менчик сугат жерден — 4,4 га, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жайыт жеринен – 60 га берүүгө чечим чыгарып берет. Ошентип, биз тараптан бөлүп берген жердин жалпы аянты – 104,4 га, узундугу – 19 км түзөт. 25 – октябрда Танаев өзүнүн № 682 буйругу менен биринчи вице-премьер-министр К. Жумалиевге келишим түзүүгө жана өкмөттүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берет. 2004- жылдын 3-декабрында тажик президенти Э. Рахмон, бизге аянты 5 га жерди Ош-Исфара жолунан жол участагын салууга руксат берүү үчүн өзүнүн № 481 Токтомуна кол койот.

2005-жылкы март революциясынан кийин 18-майда Н.Танаев, К.Жумалиевдер даярдаган келишимге Душанбеге расмий визит менен барган К. Бакиев кол койот. Келишимдин 1-статьясында жол жогоруда айтылгандай кайсыл жерден өтөрү жазылса (Сурхтун түндүк тарабынан) анын 5-статьясы боюнча биздин жер, тажик туугандарга 49 жылга арендага берилип, аренда баасы жылына 1 долларга символикалык түрдө бааланат. Алардын 3,5 км, аянты болгону 5 га жери дагы, бизге 49 жылга арендага берилип, жылдык аренда баасы биздикиндей эле 1 долларга бааланат.

2006-жылы 13-сентябрда премьер-министр Ф. Кулов, № 428 токтомунун негизинде 18-майда Душанбе шаарында кол коюулган келишимди ратификациялоого Жогорку Кеңешке өкмөттүн атынан киргизип, 26 — декабрда ратификациядан өткөрөт. Тажик тарап келишимди ратификациядан өткөргөндөн кийин ЛЭПти салышат дагы ар кандай шылтоолор менен бизге жол салууга тоскоолдук кылышып, маал-маалы менен чыр чыгарып убакытты созушат.

2008-жылы 16-майда Э. Рахмондун чакыруусу менен Ходжент шаарына барган К. Бакиев Рахмон мырзанын “чыгыштык сый-урматына кабыл болуп”, алар даярдаган бирдиктүү билдирүү текстине терең маани берип окубай, А. Акаев учурунда Сох боюнча Ташкент даярдаган келишимдеги Баткенди “Боткен” деген текстке кол койгондой буга да дал ошондой кылып колун коюп, келечектеги чырга пайдубалды түзгөнүн билбей, алар берген белектерин көтөрүп маанайы ачылып Бишкеке кайтып келет. Кол коюлган билдирүүнүн сыясы кургай электе, тажик туугандар дагы чыр чыгарышып, жыйынтыгында тажик тарап, “биздин эл каршы чыгып жатат, жарандар үйлөрдү салып алышыптыр, дарактар чоңоюп өсүп кетиптир”дегендей, шылтоо менен ратификацияланган келишимди өзгөртүүгө, 3,5 км жол участогунун ордуна башка участок берүүгө бизди мажбур кылышат. Келишим боюнча 3,5 км участоктогу “тоскоолдуктардан” жолду тазалап берүү тажик тараптын милдети болчу. Тилеке каршы, К. Бакиев ратификацияланган келишимдин аткарылышын талап кылып, тез аранын ичинде жол салуунун ордуна тажик тараптын дооматына жана сунушуна макул болот.

2008-жылы 22-июлда премьер-министр И. Чудинов К. Бакиевдин тапшырмасынын негизинде өзүнүн аппараты даярдаган протоколдун проектисин жактыруу боюнча өкмөттүн № 378 буйругун чыгарат. Протоколдун биринчи статьясында 3,5 км жолдун ордуна “Чорку кыштагынан өтүүчү жолдон 275 метрден кем эмес жол участогун Ош-Баткен–Исфана жолун реконструкция кылуу үчүн” деген сөз менен алмаштырылат. Буйрук чыккандан кийин ошону күтүп тургандай тажик тарап дагы чоң чыр чыгарат. Чырды басып, маселелерди чечүү үчүн, 26-ноябрда К. Бакиев Коопсуздук кеңештин катчысы Адахан Мадумаровду 12 чиновниктен турган комиссияны жетектетип Баткенге жөнөтөт. Комиссиянын курамында Н. Сулайманов, З. Молдошев, А. Бешимов, элчи М. Джунушалиев, губернатор М. Джумабеков, райондун акими Д. Ходжаев, суу чарбасынын өкүлдөрү жана эксперттер болушкан. Алар Баткенге барышып кырдаал менен таанышышып, эл менен жолугушушкандан кийин тажик тараптын делегациясынын жетекчиси өзүнүн коллегасы Азимовдор менен жолугушуп, 13 пункттан турган №16 протоколго кол коюшат. Анын 8-пунктунда “Таджикская сторона в недельный срок определить порядок строительства моста и реабилитации дороги на участке поймы реки Исфара, протяженностью 275 м и информирует кыргызскую сторону дипломатическим каналам” деп жазылат. Ошентип, бул протоколдо жерди берүүнүн, сатуунун же алмашуунун жыты эмес ишарасы дагы болгон эмес.

Бул жерде түшүнгөн адамга “тажик тарап бир жумалык мөөнөттө жолду салуу эрежелерин аныктагыла, дипломаттык каналдар аркылуу малымат бергиле” деп кайрадан аларга тапшырма берилген сөз гана жазылган.
2009-жылы 3-мартта К. Бакиев менен Э. Рахмондун тапшырмалары боюнча Адахан Мадумаров менен Азимов өздөрү жетектеген комиссия мүчөлөрү менен Ходжент шаарында экинчи жолу жолугушуп, Чудиновдун буйругунун негизинде өкмөттүн аппаратында даярдалып, тажик өкмөтү менен алдын ала такталган № 5 протоколго кол коюшат. Протокол 9 пункттан турат, анын 2- пунктунда “Во исполнение пункта 5 совместного заявления президентов от 16 мая 2008 года в г. Худжант, таджикской Стороне в установленным порядке решить вопрос:

О передаче в аренду кыргызской стороне участки дороги в пойме реки Исфары, протяженностью 275 м сроком на 49лет за сиволическую плату; обеспечения беспрепятственного доступа персонала и техники, которые осуществляют строителство указанного участка автодороги” деп жазылат.

Бул протоколдо дагы мурунку протоколдой эле жерди берүү, сатуу же алмашуу жок. Ал тургай кайсы айылдан же кыштактан өтөрү дагы жазылган эмес. Бул жерде болгону “тажик тарап маселелерди белгиленген тартипте чечкиле” деп гана жазылат.

18-мартта И. Чудинов жол министри Н.Сулаймановгоо, протоколдун акыркы долбоорун даярдоону жана өкмөттүн атынан кол коюну тапшырат. 2009-жылдын 24-декабрында Н. Сулайманов Ошто тажик тараптын министри менен жолугушуп, өзү башында туруп даярдаган алдын ала макулдашылган протоколго кол коюшат.

Протоколдун 1 статьясынын б пунктуна “ тараптар Ош- Баткен – Исфара жолуна посторду койбогонго, анын ичинде Чорку айылынан өткөн 275 м участкадан унаалардын токтоосуз өтүшүн камсыз кылганга милдеттенме алышат” деген сөз кошулат. Ошентип, ушул протоколдо жол кайсыл айылдан өтөрү биринчи жолу жазылат.
2011-жылы 21-мартта премьер–министр А. Атамбаев Ошто Н. Сулайманов кол койгон протоколду Жогорку Кеңешке ратификациялоого киргизет. Аны, биздин комитет 10-майда карап, “улуттун кызыкчылыгына жооп бербегендиктен четке кагылсын, тажик тарап өз милдеттенмелерин аткарбагандыктан биринчи келишим денонсация болсун, протоколго тиешеси бар чиновниктердин жоопкерчилиги каралсын» деп чечим чыгарып берген болчубуз.

2012–жылы Бабанов премьер-министр катары өкмөттүн атынан протоколду артка кайтарып алат.
Ошентип, жогоруда көрсөтүлгөн келишимдердин, протоколдордун жана өкмөттүн буйруктарынын негизинде А. Мадумаровду күнөөлөп, аны эл арасында бөкөчө кылып көрсөтүү таптакыр туура эмес, негизсиз жана уят!

Себеби:

275 метр жол тилкеси жөнүндө сөз, өкмөт башчы Чудиновдун 2008- жылдын 22-июлдагы № 378 буйругунун негизинде Мадумаров кол коердон төрт ай мурун протоколго киргизилген. Ал учурда А.Мадумаров жумушсуз болчу. Ал кол койгон протоколдордун биринде дагы жерди берүү, сатуу же алмашуу деген сөздөр жок. Болгону А. Мадумаровдун кол койгон протоколдордун биринчисинде маселени “аныктагыл” десе, экинчисинде “чечкиле” деп гана жазылган. Бир дагы өлкөдө “аныктагыла же маселени чечкиле” деген сөз үчүн кылмыш ишин козгобойт, бул абсурд!

“Чорку айылынан өткөн 275 метр жол тилкеси” деп конкреттүү түрдө кайсыл айылдан өтөрүн А. Мадумаров эмес, Н. Сулайманов иним, И. Чудиновдун буйругунун негизинде Ошто кол койгон протоколдо жазылган.
Ал протокол эки жылдан кийин комитеттен четке кагылып, өкмөт тараптан расмий түрдө артка чакыртып алынган. Демек, ал протокол ишке ашкан эмес, жок эсептүү. Жок нерсе боюнча сөз кылүү мүмкүн эмес, орусча айтканда “нет предмет разговора” же “на нет и суда нет” дегендей.

Тажик туугандар 104,4 га жердин ордуна бүгүнкү күнгө чейин бизге 1 см жерди бербегенине байланыштуу А. Мадумаровду эмес, мурунку ратификацияланган протоколдун аткарылышын камсыз кылбаган атка минерлердин жоопкерчилигин кароо менен биздин колдон чыгарган кирешени төлөп берүүсүн тажик тарапка дооматты койсо мамлекеттик кадам болмок. 104,4 га жерге эмнелерди гана эгип, канчалаган адам өзүнүн жанын бакмак, мигранттардын саны да азаймак, салыктарын дагы төлөмөк.

Кээ бир бийлик өкүлдөрүнүн ушундай эле колдору кычышып, сурашкысы келсе анда, 275 м жол тилкеси жөнүндө сөздү, протоколго эң биринчи киргизген И. Чудинов менен Н. Сулаймановду суракка алуу зарыл. Алар, ошондогу премьер жана жол министри катары өзүбүздүн аймактан, көз каранды болбой турган айланма жолду салууну сунуштап, улуттун кызыкчылыгын коргогондун ордуна тажиктердин айылынан өткөн жолдон 275 м жол тилкесин 19 км жол тилкесине алмашууга макул болуп, протоколго киргизгендерин элге түшүндүрүп берсе логикалык жактан туура болмок. Н. Сулайманов иним алыста эмес, азыр А. Жапаровдун жанында жүрбөйбү.

Эми ушул маселе боюнча жыйынтыктап айтканда, А. Мадумаровдун тегерегиндеги ызы-чуунун ачуу чындыгы ушундай. Бүгүн, бийлик жетекчилеринин дарегине сын-пикир айткандарга жасалма иш козголуп, “кылмышты” таңуулап, суракка чакырышып, эл арасында жаманаттуу кылуу преценденти башталганы өтө өкүнүчтүү жана бул көрүнүш жакшылыктын жышааны эмес. Мунун түбү элдин көтөрүлүшү менен аяктарын эсибизден чыгарбообуз зарыл. Ага тарыхыбыз далил. Мындай көрүнүштөр өлкөбүздүн стабилдүүлүгүн, бейпилдигин жана биримдигин камсыз кылбайт, инвесторлордун келишине жана экономиканын өнүгүшүнө шарт түзбөйт. Биз мындай терс көрүнүштөргө жол бербешибиз керек.

27 жыл түрмөдө отуруп чыгып, өз өлкөсүн гүлдөткөн Түштүк Африканын президенти Нельсон Мандело “Умы которые ищут мести, разрушают государство, а те, которые ищут примерение, создают нации”деп бекер айтпаса керек. Келгиле, биз дагы өч же кек алуу жолун издебей, келишүү, жарашуу жолдорун издеп, күчтүү, бакубат, кыргыз мамлекетин түзгөнгө аракет кылалы!!!!

Количество просмотров: 1525