Март айына медициналык кызматкерлерге негизги айлык акысы толук кандуу көлөмдө төлөндү. Бул тууралуу вице-премьер-министри Аида Исмаилова билдирди.
“Март айына медициналык кызматкерлерге негизги айлык акысы толук кандуу көлөмдө төлөндү. Атайын депозиттик эсепке түшкөн 129 млн сомдон марттын 11 күнү үчүн медиктерге кошумча төлөм үчүн 38 млн сом которулду. Алардын ичинен 20-апрелге карата 4598 медкызматкер 28 млн сом суммасына кошумча төлөмдөр берилди. Ошондой эле апрелде кошумча төлөмгө 132 млн сом бөлүү пландалып жатат, бул сумманы комиссия дагы карайт”, — деп билдирди КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова.
Республиканын айрым аймактарына ӨА жана өлкө боюнча ӨК режимдеринин киргизилишине байланыштуу медициналык кызматкерлердин айлык акы маселесин чечүү максатында, Өкмөт негизги иш орду боюнча бир эмгек акысынан көп эмес эсебинен кепилденген маянасын сактоо, ошондой эле мыйзамда каралган бекитилген тартипте милдеттүү эмгек акыларына кошумча төлөмдөрдү берүүнү ишке ашыруу чечимин кабыл алды.