Пневмония менен ооруп жаткандар да коронавирус деп катталышы керек. Саламаттык сактоо министрлиги ушундай буйрук чыгарганын 16-июлда вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди:
“Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 боюнча улуттук клиникалык колдонмонун үчүнчү версиясын бекитти. Аны эксперттер тобу иштеп чыккан. Бул колдонмо бейтаптарды коронавирустан, анын ичинде пневмониядан стационардык жана амбулатордук шартта дарылоо алгоритминен турат. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда кабыл алынган Оорулардын эл аралык классификациясына ылайык, 07 классы өзгөчө кырдаал шартында колдонулат. COVID-19 лабораториялык жол менен тастыкталган U07.1 кодуна жана лабораториялык жол менен тастыкталбаган, бирок белгилери байкалган, рентгенден көрүнгөн U07.2 кодуна карайт деп бекитилген. Коронавирустук инфекцияны дарылоодо бирдиктүү ыкманы колдонуу үчүн Саламаттык сактоо министрлиги буйрук чыгарды. Ал буйрукка ылайык, пневмония U07.2 кодуна карайт. Ошентип, пневмония боюнча статистика COVID-19 деп эсептелет”, — деди ал.
Март айынан бери Кыргызстандын ооруканаларында, расмий эсеп боюнча, пневмониядан 612, коронавирустан 167 адам кайтыш болду.
Буга чейин бир топ адистер өлкөдө өпкөсүнөн кагынып ооруган, бирок анализинен коронавирус табылбаган бейтаптардын баарын COVID-19 катары дарылоо керектигин айтып чыгышкан.