• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Исмаилованын ордуна 30 жаштагы Бешимбаева ЖК депутаты болуп келет

9 Чын куран 202015:28 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министрликке дайындалган Аида Исмаилованын ордуна 30 жаштагы Айгерим Бешимбаева келет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Жаңы депутат «Республика-Ата-Журт» партиясынан.

Айгерим Бешимбаева 30 жашта. Ачык маалыматтарга караганда, ал “РСК” банкынын кызматкери, кадрлар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

Ага мандат 2020-жылы күчүнө кирген квота тууралуу кабыл алынган (аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, аял жынысындагы талапкерлер келет) мыйзам боюнча каралды.

Количество просмотров: 479