• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Испанияда 14 жашка чейинки балдардын көчөгө чыгуусуна уруксат берилди

27 Чын куран 2020 9:24 Бишкек Govori.TV

Испанияда жекшембиден тартып 14 жашка чейинки балдардын көчөгө чыгуусуна уруксат берилди. Эрежеге ылайык, балдар эртең мененки 9дан кечки 9га чейинки аралыкта бир саат гана сыртта жүрө алышат. Анда да үйүнөн бир чакырымдан алыс кетпеши керек, беткапчан жүрүүсү шарт.

Өлкө боюнча 14-мартта катаал карантин жарыяланып, жарандар үйдө отурууга аргасыз болушту.

Испанияда бир сутка ичинде коронавирустан өлгөндөр марттын аягы, апрелдин башында көп болгон. 2-апрелде бир күндө 961 адам өлгөнү кабарланган. Акыркы апталарда азайып, жума күндөн бери көз жумгандар 400дөн төмөн болууда. Өлкөнүн премьер-министри Педро Санчес муну дурус натыйжа катары баалады.

“Эгер пандемияны өнүгүүсү буга чейин болуп жаткандай позитивдүү нукта улана берсе 2-майдан тартып жеке активдүүлүккө, адамдардын сейилдөөсүнө уруксат берилет” – деди премьер-министр Санчес.

Акыркы маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы коронавирус жуктурганы аныкталгандар 224 миңди, анын ичинен көз жумгандар 23 миңди чамалады. Илдетке чалдыккандардын жарымына жакыны айыкты.

Количество просмотров: 98