• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Испаниядан оор кылмышка шектелген жаран Кыргызстанга экстрадицияланды

22 Бирдин айы 202315:39 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабы Испаниянын Юстиция министрлиги тарабынан канааттандырылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура тараткан маалыматта айтылат.

Белгилей кетсек, 2021-жылы айыпталуучу Э.уулу.А. “А.Б.” аттуу жаранды бычактап, ден-соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөө жарыяланып, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган.

2023-жылдын 22-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тапшырмасы боюнча КР ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинди.

Количество просмотров: 35