• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Испаниянын министри Ирене Монтеродо карантинге алынды

12 Жалган куран 202019:11 Бишкек Govori.TV

Испаниянын бирдей мүмкүнчүлүктөр министри Ирене Монтеродо коронавирус аныкталган. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтү билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, Монтеро жана анын жолдошу аталган өлкөнүн вице-премьери Пабло Иглесиас карантинге алынды.

«Аткаминерлердин абалы канааттандырарлык. Түзүлгөн протоколго ылайык, эртең эрте менен өкмөттүн бардык өкүлдөрүнөн анализ алынат», — деп айтылат маалыматта.

Бейшемби күнү коронавируска каршы күрөшүүдөгү иш-чаралардын планын кабыл алууга арналган жыйынга тиешелүү гана министрлер катыша алат. Калган бардык жыйындар видео конференциялар аркылуу өткөрүлөт.

Акыркы маалыматтар боюнча, Испанияда коронавирусту 2 миң 200 адам жуктуруп, 55и каза болгон.

Количество просмотров: 101