Тула облусунда 2021-жылдын 23-сентябрында «P-22 «Каспий»» шоссесинде эртең менен болгон кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги маалымат тартты.
Элчиликтин маалыматы боюнча, каза болгон жарандар1986-жылы туулган эркек жана 1987-жылы туулган аял болгон.
Жалпысынан кырсыктан төрт адам каза болгон.
Окуянын чоо-жайы боюнча, Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 264-берене 5 б. (жол эрежесин бузуу, байкабастыктан экиден ашык адамдын өлүмүнө алып келген) боюнча кылмыш иши козголду.