• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Издөөдөгү «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы аткаруучу директору кармалды

19 Үчтүн айы 2023 13:42 Бишкек Govori.TV

«Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы аткаруучу директору Канат Курманов өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалыматка ылайы, издөөдө жүргөн Курманов 14-январда “Манас” эл аралык аэропортунан мамлекеттик чек араны кесип өтүп жаткан жеринен кармалган.

Ал Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө жеткирилип, андан соң соттун чечими менен Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алынган.

Эске салсак, буга чейин «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк жана жооптуу кызматкерлер кармалган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Количество просмотров: 278