• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Издөөдө жүргөн тажик журналисти күнөөсүз экенин БУУда далилдөөгө ниеттенүүдө

19 Тогуздун айы 201915:18 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Жазаларды аткаруу кызматы бир жылдан бери чет өлкөдө жашап, издөөдө жүргөн белгилүү журналист, Шайырлар жана тапкычтар тобунун мурдагы жетекчиси Хайрулло Мирсаидов мунапыска илиниши мүмкүн.

Бирок журналист бийликтин ырайымына муктаж эмес экенин билдирүүдө. Ал жакынкы убактарда Бириккен Улуттар Уюмунда (БУУ) өзүнүн күнөөсүз экенин далилдөөгө ниеттенип жатканын айтты.

— Адвокатым экөөбүз Тажикстанда күнөөсүз экенимди далилдөө үчүн бардык сот баскычтарынан өттүк. Бирок эч кандай майнап чыккан жок. Ошондуктан тиешелүү документтерди даярдап, БУУнун адам укуктары комитетине кайрылалы деп чечтик, — деди ал.

Былтыр июлда Хожент шаардык соту Мирсаидовду «мамлекеттик каражатты кымырып алганы, максатсыз пайдаланганы жана жалаа жапкандыгы» үчүн күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыраткан. 22-августта Согди облусунун соту бул өкүмдү жокко чыгарып, журналистти коомдук ишке тартууну жана ага 80 миң сомони (8,5 миң доллар) өлчөмүндөгү айыппул салууну чечкен. Натыйжада Мирсаидов сот залынан бошотулган.

2018-жылы декабрда ал Грузияга дарыланууга кеткенде Хожент шаардык соту аны сегиз айга камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарган. Быйыл 11-февралда коомдук жумуштарды аткаруу жазасынан качкандыгы үчүн Мирсаидовго издөө жарыяланган. Мындан тышкары ал өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен деп айыпталууда. Сот өкүмүнө ылайык, ал соттолгон адам катары Хожент шаарынын аймагынан чыгуу үчүн Жазаларды аткаруу кызматынан уруксат алышы керек болчу.

16-октябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына карата парламенттин төмөнкү палатасынын кароосуна «Мунапыс тууралуу» мыйзам долбоорун сунуштаган. Мыйзам 6-ноябрга чейин күчүнө кириши керек. Анын алкагында жалпысынан 20 миңден ашык шектүүгө, айыталуучуга жана соттолуучуга ырайым берүү пландалууда.

Количество просмотров: 24