• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Издөөдө жүргөн террорист Кыргызстандан кармалды. Саляновага бүгүн өкүм чыгары күтүлүүдө Соңку жаңылыктар 07.02.18.

7 Бирдин айы 2018 13:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.02.18.Govori.TV 

АИДА САЛЯНОВАГА БҮГҮН ЧЕЧИМ ЧЫГАРЫ КҮТҮЛҮҮДӨ

«Мага карата акыйкат чечим чыкпасын башында эле билгем». Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Аида Салянова сотто журналисттер үчун маалымат берип жатып билдирди.Салянованын айтымында, судья И.Воронцова ага да, коомдук жактоочуга да жарыш сөзгө, ал тургай акыркы сөз сүйлөөгө да мүмкүнчүлук берген жок.«Соттор мыйзам бузуп жатып, бүгүн акыркы сот отуруму болгону калды. Сот сөз укпай, өкүм чыгарууга кирип кетишти. Алар да жооп берчү кун бар»,- деди Аида Салянова.Белгилей кетсек, Саляновага карата шаардык сотто бүгүн өкүм чыгышы күтүлүүдө.

ЭКСТРЕМИСТТИК ИШ-АРАКЕТ БОЮНЧА ИЗДӨӨДӨ ЖҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Экстремисттик иш-аракети боюнча издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.Маалыматка ылайык, экстремисттик террордук уюмдарды колдоочуларын издөө жана кармоо боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, КМШ өлкөлөрүнүн биринде экстремисттик иш-аракеттери үчүн издөөдө жүрүп, Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган 1978-жылы туулган Б.Д. аттуу чет элдик жаран кармалды.Кармалган адам, террордук уюмдардын чалгынчыларынын буйруктарынын негизинде, куралдуу «жихад» уюштуруу жолу менен коомдук-саясий кырдаалды бузуу максатында КМШ өлкөлөрүнүн биринин аймагында саясий жана террористтик жашыруун топторду түзүү менен алектенип жүргөнү аныкталган.Азыркы учурда ыкчам изилдөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК-ОШ ЖОЛУ АЧЫЛДЫ 

Бишкек-Ош унаа жолунда коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.Унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 6-февраль күнү саат 11:40тан тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы «Сосновка» постунда, ал эми Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы «Арал» постунда саат 19:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Чектөө бүгүн саат 07:00дө убактылуу коюлган чектөө алынды. Жол күндөлүк режимде иштеп жатат.

 

Количество просмотров: 14