• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Издөөдө жүргөн жаран камералардын жардамы менен кармалды

25 Жалган куран 202413:00 Бишкек Govori.TV

Издөөдө жүргөн жаран камералардын жардамы менен кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

2024-жылдын 18-январында Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотропттук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши катталган.

20-март күнү катталган кылмыш ишине шектүү катары 51 жаштагы Токтогул районунун тургунуна издөө жарыяланган. 23-март күнү Токтогул районунун тургуну 1973-ж.т. К.Э. аттуу жарандын Бишкек шаарында жүргөндүгү адамды жүзүнөн таануучу камералардын жардамы менен аныкталган.

Ал Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынан кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 80