Кечээтен бери дайынсыз болуп жаткан Айдай табылды. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармакка жарыялашты.
«Кайдыгер карабай, маалыматты бөлүшүп колдоого алганыңыздар үчүн Айдайдын ата -энеси ыраазычылык билдиришет! Бар болуңуздар , эч ким жакынын жоготпосун , кайгы тартпасын», — деп жазылат маалыматта.