• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Издеп жаткан келин үч баласы менен Бишкектен табылды

15 Жалган куран 2024 17:41 Бишкек Govori.TV

Буга чейин милиция тарабынан изделип жаткан Базар-Коргон районунун тургуну үч баласы менен Бишкектен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-февралында облустук милиция тарабынан Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну 36 жаштагы келин 3 баласы менен (эки кыз, бир уул) үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат таратылган.

Маалымат ЖМКларга жана социалдык тармактарга тараган соң келин өзү байланышка чыккан. Ал үйүнөн жумуш издөө үчүн эч кимге айтпастан чыгып кеткендигин билдирген.

Количество просмотров: 418