• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Израил «Ислам жихадынын» бир лидерин өлтүргөнүн билдирди

13 Жетинин айы 20199:46 Бишкек Govori.TV

Израил Газа тилкесине сокку уруп, анда Палестинадагы «Ислам жихады» куралдуу тобунун кол башчыларынын бири Баха Абу аль-Атта өлтүрүлгөнүн билдирди.

Аталган өлкөнүн армиясынын басма сөз кызматы «Баха Абу аль-Атта Израилдеги жайкын тургундарга каршы уюштурулган жүздөгөн терактка жооптуу болгон» деп жазды.

Иран колдогон «Ислам жихады» тобу Газа тилкесинин чыгышындагы Шежая районундагы соңку соккуда Баха Абу аль-Атта аялы экөө ажал тапканын ырастады.

Сириялык мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары Израил Дамасктагы «Ислам жихады» тобунун дагы бир лидери Акрам аль-Ажуринин үйүн да аткылаганын, анда эки адам мерт болгонун, бирөө Ажуринин уулу экенин маалымдады.

Палестинадагы куралдуу топтор Израилге жооп иретинде Тел-Авив баштаган бир канча шаарларды ракета менен аткылашты. Соккунун кесепети, жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Количество просмотров: 110