• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Израил Ливанга сокку урду, 200дөн ашуун киши набыт болду

24 Аяк оона 20249:34 Бишкек Govori.TV

Ливандын саламаттык сактоо министрлиги Израилдин бүгүн 23-сентябрда урган соккуларынан кеминде 274 адамдын өмүрү кыйылганын, миңден ашуун киши жараат алганын билдирди.

Каза болгондордун канчасы «Хезболла» жоочулар тобунун мүчөсү, канчасы жайкын тургундар экени белгисиз.

Израил Ливандын түштүгүндө «Хезболланын» объектилерине 300дөн ашуун сокку урганын 23-сентябрда маалымдады.

Бүгүнкү окуя 2023-жылы Газада кармаш башталып, Израил менен Ливандын чек арасында абал курчуй баштагандан берки эң ири чабуул болду.

Количество просмотров: 78