• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Израиль Ливан тараптан ракеталык аткылоого кабылды

7 Чын куран 2023 9:39 Бишкек Govori.TV

Израилдин түндүк бөлүгү Ливан тараптан ракеталык аткылоого кабылды. Буга чейин Израиль полициясы менен палестиналыктар Ал-Аска мечитинин аймагында кагылышкан.

Израиль басылмалары Ливан тараптан болжол менен 30дай ракета коё берилгенин, алардын жарымын атып түшүрүүгө мүмкүн болгонун жазды. Маалыматка караганда, ракеталык аткылоодон эки киши жараат алды.

Израиль жооп катары чек араны көздөй артиллериялык куралдардан ок аткан-атпаганы боюнча карама-каршы маалыматтар чыгууда.

Азырынча бул ракеталык аткылоо үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

5-апрелде Израиль полициясы Ал-Акса мечитинин айланасындагы жөөттөрдүн комплекске кирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүгө аракет кылган маалда палестиналыктар менен кагылышкан. Бул окуя мусулмандар үчүн ыйык эсептелген Рамазан айында жана жөөттөрдүн Песах майрамы белгиленип жаткан күндөргө туш келген.

Израиль полициясынын Ал-Аска мечитиндеги ал рейдин араб дүйнөсү айыптаган. Газа сектору тараптан Израилди көздөй ракеталар атылып, жооп катары Израиль сектордогу бир нече бутага чабуул койгон.

6-апрелде Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС исламчыл тобунун башчысы Исмаил Хания Ливанга иш сапары менен барган. Бул өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан БУУнун тынчтык орнотуу күчтөрү аймактагы абалды «өтө олуттуу» деп атап, тараптарды сабырдуулукка чакырды.

Количество просмотров: 117