• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Израилдин соккусунун натыйжасында алты өзөктүк илимпоз курман болду

13 Кулжа 202514:44 Бишкек Govori.TV

Израилдин Иранга жасаган аба соккуларынын натыйжасында алты өзөктүк илимпоз каза болду. Бул тууралуу ирандык маалымат каражаттары билдиришти.

Маалыматка ылайык, курман болгондордун арасында Ирандын мурдагы өзөктүк программасынын жетекчиси Ферейдун Аббаси-Давани жана теориялык физик Мохаммад Мехди Техранчи бар. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына караганда, мындан тышкары Иран Ислам Республикасынын үч жогорку даражалуу аскер жетекчиси да өлтүрүлгөн: Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) командачысы Хоссейн Салами, Иран Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Мохаммад Багери жана Куралдуу күчтөрдүн бирдиктүү командачылыгы – Хатам аль-Анбия борбордук штабынын командачысы.

Жалпысынан Израил аба күчтөрүнүн 200 учагы Ирандагы 100дөн ашык бутага сокку урганы айтылууда.

Иран мамлекеттик телеканалдарынын маалыматына караганда, өлкөнүн ар кайсы аймактарында болгон соккулардын кесепетинен 50 адам, анын ичинде аялдар жана балдар жаракат алган. Бул тууралуу The Guardian басылмасы билдирет.

Буга чейин Иран өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыялаган. Израил армиясы соккуну Ирандын өзөктүк программасына каршы багытталган операция деп мүнөздөгөн. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун айтымында, операция «канча күн талап кылынса, ошончо уланат».

Количество просмотров: 204