• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча Президенттин аппаратынын мурдагы кызматкери кармалды

11 Чын куран 202013:14 Бишкек Govori.TV

Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча С.Т. аттуу мурда Президенттин аппаратында иштеген аткаминер кармалды.  Бул тууралу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык,  10-апрель күнү Бишкектеги Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Н. С.  аттуу аял арыз менен кайрылган.  Арызда жолдошу мас абалында 3 күндөн бери тынчтык бербей, ага кол көтөргөнү айтылып,чара көрүүнү суранган.

40 жаштагы С.Т. 2015-жылдан тартып Президенттин аппаратынын экономикалык талдоо бөлүмүндө эксперт болуп иштеген, бирок 2019-жылдын май айында кызматынан бошотулган.

«Аталган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып,  териштирүү жүрүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 4176