• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Үй-бүлөнү күчтөп чыгарган окуя боюнча Жогорку сот үн катты

10 Жалган куран 20239:22 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармакта Бишкектин четиндеги Рухий-Мурас конушунда үй-бүлөнү үйдөн күчтөп чыгарган окуя тууралуу видеолор тараган. Окуяга байланыштуу Жогорку сот комментарий берди.

Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун үйдөн чыгаруу жөнүндө чечими мажбурлап аткарылды.2023-жылдын 7-мартынада Бишкек шаарынын Октябрь райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүн сот аткаруучулары тарабынан Октябрь райондук сотунун үйдөн чыгаруу жөнүндө чечими мажбурлап аткарылды.

Мажбурлап аткаруу учуруна карата карызкордон Бишкек шаарынын Октябрь райондук сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кассациялык даттануу берилгендигине байланыштуу аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө арыз, ошондой эле кассациялык даттанууну кароо жөнүндө өндүрүшкө кабыл алынгандыгы жөнүндө соттун аныктамасы келип түшкөн эмес. Башкача айтканда, карызкорлор соттун чечимине даттангандыгы жөнүндө арыз менен кайрылышы керек болчу жана өзүнүн арызы кассациялык даттанууну кароо үчүн кабыл алуу жөнүндө соттун аныктамасын тиркеши керек болчу. Карызкорлор Д.Г.Т., Д.Ч., Ч. к. Н., К.К., Ч. к. Г., Ч. к. Н. Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайгашкан үйдөн чыгаруу жөнүндө аткаруу барагы 2020-жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө Октябрь райондук сотунан келип түшкөн. 2020-жылдын 29-сентябрында жогоруда аталган карызкорлорго аткаруу барагын ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш почта аркылуу жөнөтүлгөн. Бирок берилген 10 күндүк мөөнөттүн ичинде карызкорлор сунуштун талаптарын аткарган эмес.

2020-жылдын 28-сентябрында 30 күн алдын ала карызкорлорго, Октябрь райондук ИИБнө, ӨКМне, Тез жардам кызматына үйдөн чыгаруу жөнүндө билдирмени 2020-жылдын 28-октябрына белгиленгендиги боюнча билдирилген.Карызкорлор сот аткаруучунун сунушуна жана билдирмесине макул болбостон сот аткаруучунун кыймыл аракетине даттануу менен сотко кайрылышкан. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карызкорлордун арызын канаттандыруусуз калтырган. Тараптар, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун аныктамасына макул болбой Бишкек шаардык сотуна кайырылышкан. Бишкек шаардык соту 2021-жылдын 09-мартында аткаруу өндүрүшүн токтоткон. 2022-жылдын 13-апрелинде өндүрүп алуучунун ишенимдүү өкүлү А.У.дан аткаруу өндүрүшүн жандандыруу тууралуу арыз келип түшкөн. Анткени 2022-жылдын 8- февралындагы аныктамасына ылайык сунуш жана билдирме канааттандыруусуз калтырылган. 2022-жылдын 18-апрелинде 30 күн алдын ала карызкорлорго, Октябрь райондук ИИБнө, ӨКМне, Тез жардам кызматына үйдөн чыгаруу жөнүндө билдирмени 2022-жылдын 13-майында саат 10:00 гө белгиленгендиги билдирилген. 2022-жылдын 13-майынан баштап тараптар толугу менен камсыз болбой, тактап айтканда, өндүрүп алуучу, анын ишенимдүү өкүлү А.У., тиешелүү оргадардын кызматкерлери белгисиз себептер менен келбегенгдигине байланыштуу аткаруу өндүрүшү бир нече ирет жылдырылган.

Аталган аткаруу өндүрүшү карызкорлордун арызынын негизинде бир нече ирет токтотулуп, кайра жаңыланып келген. 2023-жылдын 1-мартында аткаруу өндүрүшүн камсыз кылууда тараптар жана аткаруу өндүрүшүн камсыз кылууга көмөктөшүүчү органдар толугу менен катышкан. Бирок, карызкорлор Д.Г.Т., Д.Ч., Ч. к. Н., К.К., Ч. к. Г. жана Ч. к. Н. аткаруу өндүрүшүн аткарууга, тактап айтканда эшик ачуучу адиске карышылык көрсөтүп, жыйынтыгында эшикти ачууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондуктан, акт түзүлүп аткаруу өндүрүшү 2023-жылдын 7-мартына саат 10:00гө жылдырылган. 2023-жылдын 7-мартында соттун чечимин аткаруу процессине тараптар жана аткаруу өндүрүшүн камсыз кылууга көмөктөшүүчү органдар толугу менен катышкан. Ошондой эле, карызкор Ч.Д., анын уулу К.К. каршылык көрсөтүшүп, алар менен бирге кошуналары, уулунун достору тарабынан аткаруу өңдүрүшүнүн камсыз кылуучуларга ар кандай коркутуулар болгон, бензин чачып, таш, балтаны колдонуу менен кол салуулар болуп, бир топ каршылык көрсөтүлгөн.

«Адамдын өмүрү баарынан кымбат тургандыгына байланыштуу үйгө киргенге мүмкүнчүлүк болбой, карызкорлорду тынчтандырууну гана көздөшкөн. Эшик ачуучу адис эшикти ачып жатканында карызкор Ч.Д. тарабынан адистин башына 2 жолу таш менен уруп жыйынтыгында адис жараат алган. Каршылык көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу сот аткаруучу Н.М. тарабынан акт түзүлүп, жабырлануучу ИИБнө арыз жазган. Карызкор Ч.Д.ду кызматкерлер кармап ИИБнө алып кетишкен. Карызкордун уулу К.К. жана анын аялы каршылык көрсөтүшүп, жыйынтыгында алар түшүндүрүү жолу менен үйүнөн алып чыгарылган. Үйдөгү бардык буюмдарына тизме түзүлүп, карызкорлор аталган буюмдарын кошуналарыныкына алып чыгып кетишкен. Ошондой эле, карызкорлордун керектүүлүчү буюмдары жана каражаттары өткөрүлүп берилген. Соңунда өндүрүп алуучуга бошотулган үй өткөрүлүп берилип, кулпулары жаңысына алмаштырылган»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 14708