• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Үй бүлөсүндө жалгыз багуучу». Депутат Төрөкуловдун камактан чыгуусунун себеби айтылды

11 Жалган куран 2021 11:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин коррупцияга шектелип кармалган депутаты Дүйшөн Төрөкулов парламенттин бүгүнкү, 11-марттагы жыйынына катышууда.

Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кечээ, 10-мартта үй камагына чыккан.

«Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 10-мартындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Г.Д.Төрөкуловго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы үй камагына өзгөртүлдү. Андан сырткары үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда 2021-жылдын 15-майына чейин узартылды», — деп билдиришти соттон.

Кошумчалангандай, депутат тергөө учурунда келтирилген чыгымды төлөөгө даяр экендигин билдирген.

«Жана туруктуу жашаган жери бар, үй бүлөсүндө жалгыз багуучу болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы белгилегендей, Төрөкүлов төлөй турган чыгымдын суммасын аныктоо боюнча экспертиза дайындалган, бирок жыйынтыгы чыга элек.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеште бүгүн Конституция жөнүндөгү мыйзам долбоору боюнча референдум дайындоо тууралуу мыйзамга экинчи жана үчүнчү окууда добуш берилери айтылууда.

Мыйзам долбоору 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган. Макул деген добушун бергендердин катарында жыйынга катышпагандар, арасында тергөө абагында жаткан Төрөкулов да бар экени белгилүү болгон. Бул коомчулуктун талкуусун жараткан эле.

Дүйшөн Төрөкулов коррупцияга шек саналып 15-январда кармалган. Сот анын бөгөт чарасын карап, эки айга камакка алган. Депутат Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган.

Количество просмотров: 613