• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Разаков үй камагына алынган журналист боюнча айтты

21 Үчтүн айы 2020 16:11 Бишкек Govori.TV

Chyndyk.kg маалымат сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбековдун кармалганы тууралуу журналисттердин суроолоруна вице-премьер Жеңиш Разаков жооп берип, эч кандай маалыматы жок экенин айтты.

«Интернетте чыгып жаткан маалыматтарга эч көңүл бурган эмесмин. Андан соң газетага да чыкты. Башында көңүл бурган эмесмин, анан Жогорку Кеңеште да айтыла баштады. Териштирүү үчүн арыз жазгам», — деди ал.

https://www.youtube.com/watch?v=Pya_uouMffY&feature=share&fbclid=IwAR3l1ZCEyoY3IyUYeUN5p0-s6LE2Fa2uOMDQpFO1DrRDuwzptaPQB8Xrr-U
МЕДИА ЦЕНТР

Кошумчалай кетсек, Биринчи май райондук соту кечээ кечинде анын баш коргоо чарасын карап, прокуратуранын Бейшенбековду үй камагына алуу боюнча сунушуна ылайык, сот аны убактылуу кармоочу жайдан чыгарган.

Эске салсак, Chyndyk.kg маалымат сайтынын редактору Турсунбек Бейшенбеков 20-январда Аскер прокуратурасына экинчи ирээт суракка чакыртылып, андан соң 48 саатка камакка алынган.

Количество просмотров: 119