• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Үй камагына чыккан Чотонов Оштогу ресторандардын биринде түлөө өткөрдү

3 Аяк оона 2019 16:19 Бишкек Govori.TV

16-августта Биринчи май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыккан мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов Оштогу ресторандардын биринде түлөө өткөрдү. Бул тууралуу коомдук бирикменин төрагасы Керим Акеев билдирген.

Анын айтымында, бул иш-чарада эч кандай саясат жок. Түлөөнү тууган-уругунан бата алуу максатында өткөрүүдө. Аталган түлөөгө “Ата-Мекен” партиясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, жана Искендер Гаипкуловдор катышкан.

Эске салсак, 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү («Коррупция») жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында («Алдамчылык») камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев «Альфа Телеком» (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Количество просмотров: 1212