• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Үй карантин эрежесин бузган алты кишинин иши сотко жөнөтүлдү

1 Бугу 2020 11:22 Бишкек Govori.TV

Үй карантин эрежесин бузган алты кишинин иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Жазык кодексине ылайык, «Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу беренеси боюнча 8 киши, “Адамдар үчүн коркунуч жараткан жагдайлар тууралуу маалыматты жашыруу же бурмалоо” беренеси боюнча 1 киши жоопкерчиликке тартылды.

“Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык, 6 кишинин жоопкерчилиги каралып, бул боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү. Бузуулар жөнүндөгү кодекстин “Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу” беренесине ылайык, 21 кишиге 3 миң сомдон айып пул салынды. Жалпысынан үй карантин эрежесин бузган 36 кишинин жоопкерчилиги каралды», — деди министрдин орун басары.

Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесине ылайык, санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузгандар үчүн 20 миң сомдон 60 миң сомго чейин айып пул каралган.

Өлкөдө коронавирус инфекциясына байланыштуу өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал жана аскердик абал режими учурундагы тартип бузуулар үчүн жоопкерчилик киргизилген.

Количество просмотров: 119