Үйүнө баңгизат өстүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын патрулдук милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29-январь саат 18:30 чамасында «102» кызматына Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен чыр-чатак чыкканы боюнча билдирүү түшкөн.
Патрулдук милиция айтылган дарекке барганда, үй ээси, 1965-жылы туулган Б.К. уулунун үйүнө баңгизат өстүрүп жүргөнүн айтып берген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө атайын идиштерге өстүрүлгөн баңгизат өсүмдүктөрү табылып, шектүү М.Р.ны Биринчи Май РИИБне алып келишкен.