• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Үй шартында той өткөргөн 9 кишиге айып салынды

25 Аяк оона 2020 12:04 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда үй шартында той өткөргөн 9 адамга айып салынды. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары, аппарат жетекчиси жана тийиштүү кызматкерлерден түзүлгөн облустук комиссия, район шаарларда беткап тагуу режими жана санитардык талаптардын аткарылышы боюнча мекеме ишканаларга рейд жүргүзүүдө.

«Жалпы облус боюнча 63 мамлекеттик мекеме ишканалардын санитардык абалы текшерилди. 24-сентябрь күнү жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы менен үйүндө көп адам топтоп, той өткөргөн 9 жаранга 3000 сомдон айып салынды. Бир күндө жалпы 133 ар кандай багыттагы ишканалар текшерилип, 25 ишканага, 93 миң сом айып салынды»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Баткенде эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон сакталууда. 25-сентябрга карата Баткен облусу боюнча коронавирустун жаңы 41 учур катталды.

Количество просмотров: 276