• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Үй тоноого шектелип 28 жаштагы жаран кармалды

9 Бештин айы 201914:15 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунда турак үйдү тоногонго шектүү делип 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Августта Аламүдүн РИИБге Мыкан конушунун тургуну белгисиз адамдар үйүнүн терезесин сындырып кирип, алтын буюмдарын жана 2 миң доллар акчасын уурдап кетишкенин айткан.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган окуяга шектүү катары 28 жаштагы Ысык-Көл районунун тургунун кармалды.

Количество просмотров: 98