Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги Ширин микрорайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирип, батирдин ээси менен баарлашып, үйү жылуубу деп сурады.
Жарыяланган кадрларда Өзбекстан Республикасынын башчысы көп кабаттуу үйдүн эшигинин такылдатып, чыккан үйдүн ээси менен Мирзиёевдин маеги камтылган. Эркек президенттин суроолоруна жооп берип, ошондой эле толкунданып жатканын айтат.