• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

“Йакын Инкар” агымынын мүчөлөрү кармалды

18 Теке 2022 18:30 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунда “Йакын Инкар” диний агымынын 5 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Үч-Коргон айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну Г.Ш.нын жашап жаткан турак үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

«ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Йакын-Инкар”  диний агымдын мүчөсү катары каттоодо турган Кадамжай районунун тургундары — 28 жаштагы М.У., 44 жаштагы К.А., 53 жаштагы С.М. жана Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну 32 жаштагы У.Д. 40 жаштагы Г.Шнын короосундагы бир бөлмөлүү толук шарты жок үйүндө таңга жуук жыйын өткөрүп жаткан жеринен кармалышты. Алардын жанынан  26 китеп, 19 даана ар кандай маанидеги баракчалар алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 653