• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Япондордун балдары 9-кабаттан куласа дагы аман калышат

25 Тогуздун айы 2018 17:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.10.2018. Govori.TV

Япониянын Кавасаки шаарында 2 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн 9-кабатынан кулап түшүп, аман калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык,  дарыгерлер баланын буту гана сынганын айтышкан.

«Окуя болгон учурда баланын ата-энеси үйдө жок болгон. Анын апасы коңшусунукуна кеткен маалда бала балкондун эшигин ачып, темир тор менен тосулган тосмоодон кулап түшкөн. Бала үйдүн алдындагы жаңы гана кыркылып, чогултулган чөптөрдүн үстүнө түшкөн», — деп жазылат маалыматтарда.

Количество просмотров: 66