• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эңилчекте кырсыкка учураган тик учак: Жетекчилер кызматтан алынды

19 Аяк оона 201815:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.09.2018. Govori.TV
Ысык-Көлдө кырсыкка кабылган тик учак боюнча Абадан коргонуу күчтөрүнүн №23565 аскердик бөлүгүнүн командири Сапарали Бекмуразаев жана анын орун басары Владимир Верещагин кызматынан бошотулду.
Коопсуздук кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев 12-сентябрда Бишкектеги маалымат жыйын учурунда бул кырсык боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Эске салсак, 9-июлда Ысык-Көл аймагындагы Түштүк Эңилчек мөңгүсүндө Башкы штабдын Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү аскердик тик учак кырсыкка учураган. Башкы штаб тик учак альпинисттерди куткарыш үчүн барганын билдирген. Кырсык учурунда тик учактагы алты адамдын төртөө жабыркаган.
Количество просмотров: 68