• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ӨКМдин тик учагы Сары-Кырда калган адамды куткарууга учуп кетти

6 Жетинин айы 202511:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин тик учагы Жалал-Абад облусундагы Сары-Кыр ашуусунда кар күрткүдө калган жаранды куткаруу операциясына учуп кетти.

Ведомстводон билдиришкендей, таң эрте жеринде 28 адам (анын ичинен 16сы ӨКМ кызматкерлери) жана 6 даана техника издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрда Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сураган.

Кечээ бул аймакка ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгына караштуу Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 4 куткаруучусу, 4 милиция кызматкери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жөнөтүлгөн. Ошондой эле ӨКМге караштуу Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары да тартылган.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Ч. Шекенов кырдаалды көзөмөлгө алуу жана куткаруу иштерин ыкчам улантуу максатында жыйын өткөрүп, кытайлык темир жолчулардын кошумча оор инженердик эки техникасын жолду ачууга тарткан.

ӨКМнин маалыматына караганда, куткаруу иштеринин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Эске салсак, бул унаа жолу 2025-жылдын 1-октябрында Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун акимдери чыгарган тескемелердин негизинде убактылуу жабылган.

Количество просмотров: 139