Бишкек. 23.08.2018. Govori.TV
Өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата кыргыз эли төрт күн эс алат. 31-август, жума күнүнө туш келип, 1-2- сентябрь календарда дем алуу күндөрү деп белгиленет.
Ал эми 3-сентябрга туш келген дүйшөмбүнү, өкмөт жыл башында эле, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталышынын урматына дем алыш күнү деп чечим кабыл алган.
Ошентип, кийинки жумуш жумалыгы бир күнгө кыска болот.