• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эки жашаар наристе токмок жеп каза тапты

8 Бештин айы 2018 16:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.12.2018.Govori.TV.

Панфилов районунун Кайыңды шаарчасында чарчап калган эки жаштагы наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 28-ноябрда Панфилов райондук ооруканасына эки жашаар наристе эси-учун жоготкон абалда келип түшкөн.

Аймактык милиция окуяны териштирүү маалында, бала Кайыңды шаарчасындагы 32 жаштагы жалгыз бой келиндин үйүндө жашаганы белгилүү болгон. Өзүнүн энеси ноябрь айынын башында Орусияга эмгектенүү үчүн кеткен.

Наристени багып жаткан келин бир канча күн мурун ал керебеттен кулап түшүп, жараат алганын, эс-учун жоготкон соң ооруканага кайрылууга мажбур болгонун айтып берген. Оор акыбалда ооруканага түшкөн жаш бала өзүнө келбей 6-декабрь күнү чарчап калды.

Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, каза болгон баланын денесинде бир топ жарааттар бар экени аныкталган. Буга байланыштуу акыркы учурда наристени багып жаткан 32 жаштагы жаранга карата Кылмыш-жаза кодексинин “Адамдын ден соолугуна атайлап залал келтирүү” беренеси боюнча иш козголду. Учурда тергөө уланып жатат.

Количество просмотров: 27