24-ноябрда Бишкекте коомдук-саясий күчтөрдүн курултайы болот. Ага жалпысынан 600 ашууун адам катышаары жана дагы катышууну каалагандар арбын болуп жатканы белгилүү болду. Элдик курултайдын өзгөчөлүгү болуп баардык саясий күчтөрдүн биргелешип бир пикирге келип, бир жерге чогулуусунда дейт уюштуруучулар.
Курултайга өлкөдөгү бардык бийлик бутактарынын башчылары жана саясий күчтөр чакырылды. Анда экс-президент Атамбаевдин алты жылдык, президент Жээнбековдун бир жылдык ишине баа берүү, парламенттин азыркы иши жана Кыргызстан эртең аттуу негизги делген 4 темадагы докладдар окулат.
Курултайга даярдык эң жогорку деңгээлде болуп жатканын уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Бузурманкулов билдирди.
Элдик курултай өткөрүү демилгесин алгач улуттук мекенчил күчтөрдүн алдында түзүлгөн туруктуу элдик кеңеш көтөрүп чыккан.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери курултайлар өткөнү өтүп келет. Бирок, курултай өткөнү менен анын жыйынтыгында кандай чечим кабыл алынып кандай чаралар көрүлгөнү коомчулукту көбүрөөк ойлондурат. Элдик деп өтүп жаткан бул курултайда кандай чечим кабыл алынат жана ал ишке ашабы? аны убакыт көрсөтөт.