• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сурабалдиева: Игорь Гусаров, Данияр Үсөнов жана Дмитрий Воробьев мамлекетти сатып кетишти. Жаза алган жок

23 Тогуздун айы 2018 15:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV
Бир канча киши насыя алып, бирок банктарды банкротко учуратып аны төлөбөй коюшкан. Алар бул кылыгандары үчүн жаза дагы алышкан эмес. Бул тууралуу экономика жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда депутат Эльвира Сурабалдиева айтып чыкты.
Эл өкүлүнүн билдирүүсүндө бул иш 90-жылдары болгон. 3 киши 500 миң доллардан жылына 5 пайыздык үстөгү менен насыя алышкан. Ал кезде ишкерлер насыяны жылына 30-40 пайыздык үстөгү менен алууга мүмкүн болчу.  Аты аталгандар акчаны «Курулуш» банкынан мамлекеттин кепилдиги менен алышкан. Ишкерлер алган акчасын банкка кайтарышкан эмес, мындан улам банк банкротко учураган.
Бул боюнча депутат Эльвира Сурабалдиева Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон насыя алган кишилер кимдер экенин сурады. Абдыгулов ал кезде студент болгондугун жана ал кишилерди тааныбай тургандыгын билдирди.
«Анда ал ысымдарды өзүм айтып койоюн. Алар, Игорь Гусаров, Данияр Үсөнов жана Дмитрий Воробьев болгон. Булар канча суммадагы акча алышкан, расмий кат түрүндө жооп күтөм. Алар мамлекетти «сатып кетишти», бирок эч кандай жаза өтөшкөн жок», -деди Сурабалдиева.
Количество просмотров: 23