• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бийликтин дыйкандар менен иши жок

15 Тогуздун айы 2018 18:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.10.2018.Govori.TV.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери бийлик өздөрүнүн эле маселеси менен алек болуп келүүдө. Карапайым эл өзүнүн арбайын ушуга чейин өзү сокту десек болот.
Мурдакы президент башканын ажосуна тыңсына калам деп аз жерден эки өлкө ортосундагы алака токтоп кала жаздап барып кайра калыбына келген. Ал эми быйыл дыйканчылык жаатында да көптөгөн маселелер болууда. Мисалы, картошка коңшу Өзбекстанга экспорттолбой калгандыгына байланыштуу, анын баасы 7сомго түшүп кетти. Бул бир жагынан калкка пайда болсо, экинчи жагынан дыйкандын ак эмгегин актабай калганы бар.
Дыйкандар билбестиктен улам ушундай маселе жаралып жатабы же баягы эле бийликтин элге болгон мамилесиби? Эгер бийлик тараптан кандайдыр бир реакция болуп андай эмес мындай кыл дегенде, өлкө аймагын эле эмес коңшуларды да камсыздайт белек ал белгисиз.
Көз карандысыз өлко болгону 30-премьер алмашса да эл өзүнчө жашап келгени келген. Бул көрүнүштөн да базар экономикасы ушундай деген шылтоону колдонуп келишет, ал эми мунун баарын үстүнөн көзөмөлдөй турган айыл чарба министрлигинен жооп ала алган жокпуз.

 

Количество просмотров: 37