• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Үйлөнүү тойго келген мейман бийлеп жатып каза болду

7 Бештин айы 2018 9:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 07.12.2018. Govori.TV
Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы ресторандардын биринде бийлеп жаткан мейман эркек киши каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты. Маалыма болгондой, маркум Бишкектин тургуну болчу.
Анын өздүгү такталып, 1964-жылы туулган К.З. жээнинин 2-декабрдагы үйлөнүү тоюна катышуу үчүн Караколго келгени маалым болду. Той учурунда бийлеп жатканда өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкондо жерге кулап түшкөн. Аны дароо ооруканага жеткиришип, бирок дарыгерлер көз жумганын айтышкан. Анын денеси ошол түнү Бишкектеги үйүнө жөнөтүлдү.
Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум кант диабети менен жабыркап жүргөн. Тойдо кант диабет оорусу козголуп, жүрөгү да токтоп калган.
Количество просмотров: 52