• Ишенби 4 Теке 2026
  • Суббота 4 Июль 2026

Юрий Бобков жардамга муктажбы?

7 Кулжа 201919:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.06.2019.Govori.TV.

“Досум Үсөн” тобунун жетекчиси, КР эл артисти Юрий Бобковдун операциядан кийинки даарылануусуна кесиптештери кайрымдуулук концерт өткөрөт. Бул тууралуу кесиптеши ырчы Алтынай Нарбаева Govori.TVга билдирди.
“Өнөр адамдарынын ичинен улуу аксакалыбыз, устатыбыз Юрий агай буга чейин кокустан колун сындырып алган. Ага байланыштуу, 2 оор операцияны башынан өткөрдү. Операцияга көп суммадагы каражат сарпталган. Ошондуктан биз сахналаштары, шеринелештери, жакын санаалаштары жапа тырмак агайды колдоо максатында кайрымдуулук концерт өткөрүүнү чечтик”,-дейт ырчы А. Нарбаева.
Эскерте кетсек, “Устатыбызды колдойлу” аталышындагы концерт 8-июнь күнү, Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кечки саат 19:00 до башталып, көрүнүктүү эстрада ырчыларынын коштоосунда өтөт.

Количество просмотров: 17